Turmush — Ош мамлекеттик университети «өзгөчө макамга» ээ болгондон тартып эл аралык чөйрөгө интеграция жасоого өзгөчө басым жасоодо. Университеттин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация жакынкы күндөрдө Польша жана Түркия мамлекеттеринде өнөктөш университеттер менен кызматташуу багытында атайын иш сапарда болуп келди. Иш сапардын алкагында кабыл алынган чечимдер жана кызматташуу долбоорлору боюнча ректор Кудайберди Гапаралиевичти кепке тарттык.
- Кудайберди Гапаралиевич, алгач Польшадагы Быдгощ экономикалык университетине болгон иш сапарыңыз тууралуу айтып берсеңиз, бул өлкө ОшМУнун делегациясын кандай кабыл алды?
- Ракмат, бир жыл мурун дүйнөлүк ректорлордун форуму Кыргызстанда өткөн. Ошол форумда биз Польшанын Быдгощ шаарындагы Быдгощ экономикалык университетинин президенти менен бир топ маселелердин үстүндө пикир алышканбыз. Жолугушуудан кийин Быдгощ экономикалык университети менен Ош мамлекетик университетинин ортосунда долбоор жазылган. Ошол долбоордун алкагында атайын чакыруу менен иш сапарда болуп келдик. Чакырган тарап, тагыраак айтканда, университеттин жетекчилиги жана Быдгощ шаарынын мэриясы бизди абдан жылуу кабыл алды. Ош мамлекеттик университети Быдгощ экономикалык университетинин Кыргызстандагы жалгыз өнөктөш университети. Андыктан, алар биз менен бир топ багытта иштешип, кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
- Польша университетинен үйрөнө турган жактар көп болсо керек?
- Быдгощ шаары калкынын саны, шаардын табияты боюнча да Ош шаарына окшош экен. Бул университет да биздин окуу жай сыяктуу дүйнөлүк рейтингге кирүүгө, 4-муундагы университетке айланууга бел байлаган, конкреттүү иш-аракеттерди аткарып жаткан окуу жайлардын бири. Биз аны жеринен көрүп, таанышып келдик. Буга мисал катары окуу жай шаар менен биргеликте Евросоюздун долбоору аркылуу шаардын тазалыгын камсыздоо маселесинде долбоор жазышыптыр. Долбоордун негизинде таштандыны кайра иштетүүчү фабрика курулуп, ошол фабрикага элден чыккан таштандынын баарын сатып алып, аларды кайра иштетип, аны электр энергияга, жылуулукка айландырып, кайра эле ошол шаарды камсыздап жатышат экен. Таштандыны кайра иштетүүдө эң акыркы кайра иштелип чыккан таштандынын иштелмеси менен жолдорду асфальттап жатышат. Бул жерде шаардык мэрия, университеттин илимий патенциалы кошулуп биргеликте долбоорлорду жазуу аракеттерин көрүшөт.
Экинчиден электр энергиянын альтернативасы катары күндүн энергиясын бардык жерде пайдаланышат. Андан сырткары ошол эле университеттин шаар менен биргеликте курган чоң бассейни бар экен. Ал бассейнди университет иштетип, анда колдонулган энергия, сууну тазалоо системалары, бардыгы өздөрү ойлоп таап, жасап чыккан технологиялар, методикалар менен иштеп чыгарылган. Мында жашыл экономика, өзүн-өзү каржылаган арзан энергия дегендей принциптери менен туруктуу өнүгүүнүн критерийлеринин баары бирдиктүү сакталат экен. Биз көрүп, суктанып, үйрөнүп келген иш аракеттерди университет да, мэрия да баарын дээрлик Евросоюздун долбоорлорунун алкагында жасап жатышат. Университеттин бюджетинин 80%ын ошол долбоорлордон түшкөн каражат түзөт.
- Демек шаардын социалдык, чарбалык маселелерин чечүүгө университет активдүү катышат турбайбы?
- Ооба, шаар менен биргеликте шаардын суусун толугу менен скважина аркылуу чыгарып, аны тазалап, шаарга жеткирүү боюнча да чоң долбоору бар экен. Долбоор университеттин окумуштуулары жана шаар бийлиги менен биргеликте жазылган.
Ошол эле шаарда пайдаланылып, пайдалануудан чыгып калган 16 гектар жерди, университет долбоор жазып утуп алышкан. Университет ал жерди кайрадан жууп-тазалап, чөп өстүрүп коюшуптур.
Мен токтолгон нерселер булар чоң-чоң долбоорлор, ал эми университеттин ичиндеги жөнөкөй долбоорлор абдан көп. Биз да өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүүнүн үстүндө иштерди баштаганбыз. Быдгощ университетинин өзү жасаган буюмдары, басмаканасы мыкты деңгээлде өнүгүптүр. Окуу имаратынын чатырында бал аарыларды кармаган аянтчасы абдан кызыктуу болду. Ал жерде өздөрүнөн чыккан балдардын бир нече түрлөрүн көргөзмөгө коюп коюптур. Университеттин балынан биз да даам татып көрдүк. Коноктор үчүн бул абдан жагымдуу маанай тартуулайт экен.
- Агай, демек алар ЖОЖ-илим-өндүрүш-коммерциализация деген 4-муундагы ЖОЖдун моделин ишке ашырып жаткан турбайбы. Биздин ОшМУда да бул долбоорлорду ишке ашырса болот бекен?
- Кайсы өнүккөн окуу жайга барбайлы, ал жердеги жаңылыктарды өзүбүздүн университетте ишке ашуунун жолун издейбиз. Мага Быдгощ университетинин кызматкерлерге койгон талабы кызыктуу болду. Мисалы, кызматкердин жок дегенде эки-үч чет тилин билүүсү, долбоор жазуу жөндөмү, бир жылда жок дегенде бир же эки чет өлкөлүк өнөктөш университеттен тажрыйба алмашуусу, идеяларга ачык жана демилгелүү болушу негизги талаптардан болуп саналат. Ушундай кызматкерлер чогулган жерде албетте жогоруда айтылган долбоорлор ишке ашат да. Бул багытта долбоор жазуу боюнча биздин окуу жайдын кызматкерлерине онлайн тренингдерди өтүү пландалды. Иш сапардан келгенден бери бир топ жетекчилерге тиешелүү тапшырмаларды бердим. Буюрса, бул багытта бизде да жумуштар башталды.
- Жолугушууда илимий багытта кызматташтыктар тууралуу да сүйлөшүүлөр орун алдыбы?
- Албетте, илимий багыттагы кызматташтыктар, эл аралык журналдарга макалаларды чыгаруу сыяктуу маселелер боюнча бардык тараптан кызматташа турган болдук. Бул кызматташтык эл аралык деңгээлдеги беделибиздин жогорулашына таасирин тийгизет. Негизинен иш сапарыбыз абдан жемиштүү болду. Коомчулукка пайдалуу долбоорлорду биз жок дегенде университеттин деңгээлинде аткара берели. Мисалы, өзүбүздөн чыккан таштандыны кайра иштетүү аркылуу биз жалпы коомчулукка үлгү боло алабыз, биз ошол иштерди жасасак анан калгандар бизге кошулуп аракеттер башталат. Ушундай идеяларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айтып, биргеликте ишке ашырсак деген жакшы ой, идеялар менен келдик.
- Жогоруда сиз 4 багыт боюнча чоң долбоорлорду айттыңыз. Алар Ош шаарында дагы актуалдуу долбоорлордон экен. Ошол долбоорлорду ишке ашыруу менен университет киреше таба алабы?
- Биз долбоорду ишке ашырууда ички ресурстар менен гана чектеле берет экенбиз. Ал эми аларда (Быдгощ университети) мамлекеттик органдары баш болуп Евросоюзга долбоор жазып, утуп алган гранты менен ири ишканаларды иштетип жатыптыр. Мисалы, жогоруда айткан бассейндин 60%ын Евросоюз, 30%ын мэрия, 10%ын университет каржылаптыр. Бирок, бассейнди 100% университет иштетип, пайдасын да университет өзү көрүп атыптыр. Демек биз да эл аралык, мамлекеттик, же жеке менчик ишканалар менен бирге долбоорлорду ишке ашырып, жакшы киреше тапсак болот экен. Азыр дүйнөлүк донор уюмдар экология, туруктуу өнүгүү талаптарына шайкеш келген долбоорлорду жакшы колдоп жатышат. Биз да ал критерийлерди эске алып долбоорлорду жаза турган болсок, ал долбоорубузду сөзсүз колдоп беришет. Алардын айтымында, 100 долбоор жазылса, анын ону эле ийгиликтүү ишке ашса, бул чоң жетишкендик болот экен. Ушундай талыкпаган аракеттин натыйжасында Быдгощ университети кирешенин 80%ын долбоорлордон таап жатыптыр. Биз да буюрса бул багытта ишти күчөтөбүз.
- Ош мамлекеттик университети медицина тармагына өзгөчө көңүл буруп жаткан учуру. Быдгощ экономикалык университети менен бул багытта да кызматташуулар болобу?
- Быдгощ экономикалык университети да биздин окуу жай сыяктуу бардык багыт боюнча билим берген окуу жай экен. Жолугушууда шаарда медициналык клиника куруп жаткандыгыбыз жөнүндө сөз болгондон кийин бизди өздөрүнүн медициналык факультетине, медициналык лабораторияларына алып барып көрсөтүп, медицина багытында өздөрү иштешип жаткан өнөктөштөр менен жолуктурду. Ал өнөктөш компаниялар эгер сиздер клиника куруп жатсаңыздар, биз анын ичинде ушул багытта кызматташууга даярбыз деп өздөрүнүн бир топ сунуштарын айтышты. Мисалы, алардын бири дүйнөдө белгилүү болуп жаткан хирургиялык операцияларды жасоочу робот Да Винчи менен иш алып барган компания экен. Биз үчүн алардын сунуштары абдан кызыктуу болду. Буюрса, жаңы курулуп жаткан клиникабызда медицинадагы алдыңкы тажрыйбаларды ишке ашырабыз.
- Сапардын жүрүшүндө Түркиянын Памуккале университетинин ислам илимдер институту менен ОшМУнун теология факультети тарабынан уюштурулган эл аралык Сарахси симпозиумуна да катышып келдиңиз. Ушул тууралуу да айтсаңыз?
- Өзүңүз билгендей, «Өзгөн-Мунара» этно-фольклордук фестивалынын алкагында ОшМУда дин аалымы Имам Сарахсиге арналган конференция өткөн. Конференцияда Имам Сарахсинин эмгектерин которгон аалым, профессор Сыдык Акшит, Имам Сарахси эл аралык фондунун президенти Мехмет Акшит, Евразия жазуучулар союзунун президенти Якуб Омароглы өзүнүн илим жолунда басып өткөн жолу, тажрыйбалары менен бөлүшкөн. Мындан сырткары Имам Сарахси атындагы фонд менен Ош мамлекеттик университетинин теология факультети жакындан кызматташуу багытында сөз болуп, магистратура, PhD-докторантурага студенттерди жиберүү, Имам Сарахсинин эмгектерин которуу, таанытуу иш-чаралары боюнча макулдашуулар болгон. Ошол макулдашуунун алкагында Памуккале университетинде өткөн конференцияга барып катыштык. Иш-чарага мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилер, Памуккале шаарынын мэри, облусунун губернатору, Маданият, Дин министрлери катышып, жогорку денгээлде өттү.
- Демек, кызматташуу келишими бар турбайбы?
- Ооба, аталган университет менен ОшМУ келишимдерге кол койгонбуз. Аталган келишимдерге ылайык биздин 15 студент учурда Памуккале университетинде академиялык мобилдүүлүк багытында билим алып жатышат. Алардын экөөсү магистратурада, 13ү бакалавриатта билим алууда. Студенттерибизге окуу жай тарабынан түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышып, пикир алыштык. Ректору менен болгон сүйлөшүүлөрдөн соң кийинки жылы Памуккале университети ОшМУнун 30 студентин академиялык мобилдүүлүккө кабыл алыша турган болду.
- Конференцияда сиздин купулуңузга толгон көрүнүштөрдү эстей кетсеңиз?
- Кыргыз-Түрк симпозиумунун алкагында биздин боз үй тигилип, студенттерибизге кыргыздын улуттук кийимдерин кийгизип коюшуптур. Мүмкүн болушунча кыргыз маданиятын чагылдырууга көңүл бурулуптур. Бул бизге абдан жагымдуу маанай калтырды. Экинчиден, конференция жогорку деңгээлде өткөндүктөн ОшМУ тууралуу Түркиянын башка университеттерине да маалыматтар берилди. Бул да биздин академиялык репутациябызга чоң таасирин тийгизет деп ишенемин.
- Кызматташууну кеңейтүү багытында сүйлөшүүлөр болдубу?
- Ооба, Памуккале университети классикалык университет болгондуктан, бир гана теология багытында эмес башка багытта да кызматташууларды кеңейтүүнүн үстүндө сүйлөштүк. Аларда да жогорку деңгээлдеги медицина факультети бар, биз бул багытта кызматташууну сүйлөштөк. Башкача айтканда, Түркиядагы Паккумаке университети менен кызматташтыктарыбыз дагы бир баскычка жогорулады десек болот. Ошол эле Имам Серахсинин кийинки конференциясы Сарахси эл аралык фондунун каржылоосу менен ОшМУда өтө турган болду.
- Жанатан бери Имам Сарахси тууралуу айтып жатабыз, бул адам ким болгон?
- Имам Сарахси ислам дүйнөсүндө ысмы белгилүү дин аалымы болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда, 1073-1087-жылдары Өзгөндөгү бир зынданда жатып, зындандын үстүндө турган шакирттерине ислам дининин мыйзамдарын айтып берген. Шакирттери кагазга түшүрүп, «Мабсут» аттуу 30 томдук болуп басмадан чыгарылган. Түрк боордошторубуздун колдоосу менен Имам Сарахсинин күмбөзү делген жер Өзгөн шаарында толугу менен жаңыланып, жанына Имам Сарахси атындагы мечит жана Ислам изилдөө борбору курулду. Бул борборду иштетүүдө албетте биздин теология факультетибиздин окумуштууларынын салымы болот.
- Кудайберди Гапаралиевич, чет өлкөлөргө иш сапарыңыз жемиштүү болгон экен. Буюрса бул багытта кызматташунун жыйынтыгын биз качан сезип баштайбыз?
- Университеттин ректору катары менин негизги жумуштарымдын бири — университеттин сырткы байланыштарын кеңейтүү болуп саналат. Буга чейин чет өлкөгө барганда ошол жердеги университеттердин эшигин каккылап, кызматташуу ниетибизди билдирчүбүз. Акыркы мезгилде эл аралык иш-чараларга барганыбызда чет элдик ректорлор өздөрү келип, Ош мамлекеттик университети менен кызматташуу ниети бар экенин айтып айтышат. Бул биз үчүн абдан жакшы жетишкендик деп айтсам болот. Демек, чет өлкөдө да биздин окуу жай жөнүндө жакшы пикирлер жаралып жатыптыр. Бул биздин жалпы жамааттын жасап жаткан иш-аракеттеринин натыйжасы.
Жалпы көз карандысыз эл аралык, регионалдык рейтингдерде бир топ жылдан бери биринчи орунду камсыздап, бүгүнкү күндө бир эле республикада эмес, Орто Азиядагы эң чоң университет катары өзүбүздүн ордубузду таптык деп айтсам болот. Ийгиликтин, өнүгүүнүн эч качан чеги болбойт. Ар бир сыртка чыккан сайын өнүгүүнүн жаңы багыттарын көрүп келип, аны иргеп, эң мыктыларын сиңирип, ишке ашырып, алдыга карап жыла беришибиз керек. Аларды аткарууга, жасоого университеттин толук мүмкүнчүлүгү, потенциалы бар.
- Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз. Ийгилик коштосун.