Turmush — Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айылында жаңы бала бакча ачылды.
Маалым болгондой, ачылышка президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Айтматов районунун акими Бектур Сагынбаев, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусунун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2021-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен пайдубалы тургузулуп баштап, республикалык казынадан, өнүктүрүү фонддорунан каражат каралып курулушу аяктаган. Фонддун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев Кара-Буура айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде бала бакчаны керектүү жабдыктар менен камсыздоого «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунан 406 миң сом акча бөлүнгөнүн билдирди.
«Биздин «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду ар дайым Талас облусун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүп келет. Алардын бири «Эркеле» бала бакчасына эмерек алып берүү болду. 50 орундуу бала бакчадан келечекте элибиздин керегине жараган уул-кыздар тарбияланып чыгат деп ишенебиз», - деди Качкымбаев.
Иш-чарага катышкан облус башчысы Нурлан Дарданов Талас облусунда 2023-жылга ачылышы пландалган 8 билим берүү мекемесинин төртөө ачылып, калганы дагы жыл аягына чейин пайдаланууга берилерин айтып, Кара-Буура айылындагы жаңы ачылган бала бакчаны ички эмеректери менен камсыздоодо көмөк көрсөткөн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусуна ыраазчылыгын билдирди.
Эске сала кетсек, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусу Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан түзүлгөн. Аталган фондго компания 2016-жылдан тартып 1 миллиард 50 миллион сом каражат которгон.