Turmush — Ош технологиялык университетиндеги илимпоз айымдар Кыргызстандагы 100 окумуштуу айымдын катарына кирди. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан «Аялдар илимде жана инновациялык билимде» аттуу Борбор Азиялык форуму өткөрүлдү.
Аталган форумга Кыргызпатенттин «Илимдеги аялдар» долбоорунун алкагында:
- «Окумуштуу аял» номинациясынын жеңүүчүсү, т.и.к., доцент Ж.К. Ирматова;
- «Илимдеги аялдар командасы» номинациясынын жеңүүчүлөрү э.и.к., доцент А.М. Хамзаева, э.и.к., доцент С.У Астанова., э.и.к., доцент К.Т.Самиева, э.и.к., доцент П.К.Алишева, э.и.к., доцент Ч.М. Эргешова катышып келишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ж.К.Ирматова ОшТУдагы илим-изилдөө иштеринин абалы боюнча баяндама жасады. Ошондой эле «Илимдеги аялдар — өзгөрүүнүн кыймылдаткыч күчү» китебинин бет ачары болуп, форумдун катышуучуларына белек катары таратылды.
«Илимдеги аялдар — өзгөрүүнүн кыймылдаткыч күчү» китебинде Кыргызстандагы 100 окумуштуу айымдын илимий жетишкендиктери киргизилген. Анын он экиси ОшТУнун Кыргызпатент менен иштешкен изденүүчү айымдары болуп саналат.