Turmush — Лейлек районунун Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн Жети-Таш айылындагы адыр боорунда Жаныбек бабанын күмбөзү сакталуу.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал билимдүү, боорукер жана олуя адам болгон. Өз мезгилинин эл башчыларынын кеңешчиси катары да эсептелген. Анын колдоочусу асмандагы төө сымал булут болгону айтылат. Колдоочусу менен өз ара адамча кадимкидей сүйлөшө алган. Боло турган ар кандай көрүнүштөр же окуялар жөнүндө төө сымал булут кабар берчү. Булуттун жардамына таянып, муктаж адамдарга, адилетсиз иштерге, кайдигер карабай, жарды-кембагалдардын, жетим-жесирлердин таламын талашчу.
Жаныбек баба коомдогу жат көрүнүштөргө чыдабай, элден обочолонуп тоого чыгып кеткен, кийинчерээк ошол жакта кайып болгон. Анын кайып болгон жерин урпактары анын мүрзөсү атап, күмбөз салышкан. Бул жерге Лейлектен, Сүлүктү шаарынан жана Өзбекстан, Тажикстандан калк тынымсыз келип зыярат кылып турушчу.