Turmush — Кара-Балта шаарындагы балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары техникалык моделдөө боюнча республикалык көргөзмөдө 2-орунду алды.
Аталган борбордун директору Гүлнара Түлөнованын айтымында, көргөзмө Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаранын алкагында уюштурулду. Тарбиялануучулар Чүй облусунун делегациясынын курамында катышты.
«Кара-Балта шаарындагы балдар чыгармачылык борборунда «Техникалык моделдөө» ийрими бар. Бул ийримге келген балдар ийгиликке жетип баштады. Иш-чарада стенддик моделдөөнү көргөзүп бердик. Ал эми Токмоктон барган окуучулар робототехниканы көрсөтүштү. Биздин тарбиялануучулар облустар арасында 2-орунга ээ болду», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.