Turmush — Быйыл Beeline Кыргызстан компаниясы 25 жашка толду. Бул иш-чаранын урматына уюлдук оператор өлкөнүн түштүк аймактары үчүн музыкалык белек даярдады: Баткен жана Жалал-Абад шаарларында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда акысыз концерттер өткөрүлөт.
Beeline Баткен жана Жалал-Абад шаарларынын тургундарын жана конокторун шаӊдуу музыкалык шоуга чакырат. Көрүүчүлөрдүн алдында Нурлан Насип, Арсен, Милана, Нурила, Сайкал Садыбакасова өнөрлөрүн тартуулашса, иш-чараны Айзада Жамгырчиева алып барат.
Майрамдык концерттер:
• Баткен шаарында 20-сентябрда саат 18:30да Борбордук стадиондо;

• Жалал-Абад шаарында 22-сентябрда саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында (Барпы атындагы театрдын жанында) өтөт.

Сизге көптөгөн жаркын эмоцияларды жана жакшы маанай тартуулай турган масштабдуу иш-чараны өткөрүп жибербеңиз. Beeline компаниясынын мааракесин сиздер менен майрамдоого кубанычта болобуз!
Beeline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр!