Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттер командасы эл аралык менеджмент боюнча уюштурулган республикалык олимпиадага катышып, 14 жогорку окуу жайдын арасынан 2-орунга ээ болушту.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, республикалык олимпиада 2023-жылдын 24-март күнү К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. Олимпиада студенттер арасында менеджмент боюнча эң мыкты долбоорлор жана бизнес-пландарды аныктоо максатында уюштурулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.