Turmush — Ош технологиялык университетинде так илимдерге кызыккан студенттер үчүн математикалык таймаш өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Иш-чара гуманитардык-технологиялык колледжинин математика жана статистика кафедрасынын жамааты тарабынан уюштурулду. Иш-чарага колледждеги геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук, инженердик курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо, имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо, статистика адистигинде билим алып жаткан студенттер катышып, өздөрүнүн жаратмандыгын көрсөтүштү. Ар бир адистиктин командалары сынактын шартына ылайык бардык тапшырмаларды аткарышты.
Жыйынтыгында 1-орунду геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук адистигинин студенттери, 2-орунду статистика адистигинин студенттери, 3-орунду имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо адистигинин студентери камсыз кылышты.
Жеңүүчү командаларга дипломдор жана белектер берилип, иш-чаранын негизги демилгечиси жана мадератору Мерница Жусуева жетекчилик тарабынан ыраазычылык айтылды.