Turmush — Кечээ, 23-январда Каракол шаардык кеңешинин XXIV сессиясы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.
Күн тартибинде 3 маселе каралды.
1. Каракол шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө;
2. Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө;
3. Каракол шаарынын мэринин 2022-жылда Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчету жөнүндө.
Жыйынга 31 депутаттын 23ү катышты.
Шаар мэри Эрмат Жумаев социалдык тармак, инфраструктура, билим берүү тармагында аткарылган иштерге токтолду. Бардык иштер каржы маселеси менен байланыштуу болгондуктан алгач шаардын бюджети тууралуу айтып берди.
«2014-жылы Каракол шаарынын жергиликтүү бюджети 186,3 млн сомду түзчү, 2020-жылы 242,6 млн сомду түздү. 7 жыл ичинде 186,3 млн сомдон 242,6 млн сомго жогорулап, салыштырмалуу жогорулаганы 56,0 млн сомго өстү. 2020-жылдан 2022-жылга чейин шаардын бюджети 242,6 млн сомдон 385,8 млн сомго жогорулаган. 2022-жылы шаардын бюджети 385,8 млн сомду түздү. Салыштырмалуу өсүш 160,4% түзүп же 143,2 млн сомго жогорулаган», - дейт мэр.
Ошондой эле бул аралыкта оңдолгон жолдорго токтолду. Мисалы, шаардын ички жолдорунун капиталдык ондоо-түздөө иштери республикалык, жергиликтүү жана Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен каржыланып, жалпы 15 км жол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн 50 км жаңы тротуарлар жасалды.
Аны менен катар шаар башчысы шаарда ишке ашып жаткан эң чоң эки долбоор тууралуу маалымат берди. Алардын бири — Азия өнүктүрүү банкынын долбоору. Ал Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги ортосунда насыялык-гранттык келишимге кол коюнун негизинде ишке ашууда. Келишимдин негизинде Каракол шаарына 24,89 млн АКШ доллары каралып, долбоордун алкагында шаарда төмөнкүдөй иштер жасалган.
1. Тазалоочу курулма кубаттуулугу суткасына 12 миң м3;
2. Биологиялык суу сактагычтарды калыбына келтирүү, 4 даана;
3. Каракол шаарына канализациялык түйүндөрдү куруу;
4. Пристань аймагында канализациялык-насостук станция куруу, 1даана;
5. Бассейнди күнүмдүк тазалоо иштери;
6. Бассейинге берилүүчү суу түтүктөрүн алмаштыруу;
7. Калдыктарды жок кылуу;
8. Атайын техника алуу, 5 даана;
9. Канализациялык тазалоочу курулманын кубаттуулугун жогорулатуу, 24 миң м3/ суткадан, 2038-жылга чейин.
Экинчи ири долбоор бул — Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоору (ЕБРР). КР Өкмөтү менен ЕӨРБ жетекчилиги ортосунда 2018-жылы 21-декабрда кредиттик-гранттык келишимге кол коюлган. Долбоордун алкагында 11,224 млн евро каралат. Анын максаты — шаар ичине таза суу түйүндөрүн куруу жана эски суу түтүктөрүн алмаштыруу.
Каракол шаары муниципалдык ишканаларына 27 атайын техникаларды 113 895 000 сомго алды. Бул техникалар шаар элине убагында кызмат көрсөтүүгө өбөлгѳ болорун шаар мэри айтып ѳттү.
Ошондой эле мэр ѳз отчетунда социалдык билим берүү имараттарын куруу боюнча иштер жүрүп жатканына токтолду.
Анда:
-
Республикалык бюджеттин эсебинен шаардагы №7 жана №12 бала бакчаларынын аймагында 2 бала бакча курулат. Жалпы суммасы: 165 343 967 сом.
-
Жериликтүү бюджеттин эсебинен шаардын №11 гимназия-мектебинин аймагында 17 класс комплекске ылайык кошумча имарат курулат. Жалпы суммасы: 59,0 млн сом.
-
Мурунку жеке жактар менен менчиктештирилип кеткен Электр техникалык заводунун жанында жайгашкан балдар бакчасынын имараты кайрадан сатылып алынды. Жалпы суммасы:15 млн сом. Азыркы учурда капиталдык оңдоо жүргүзүү үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
«Муну менен катар буга чейин кызматташ шаар болгон Үч Хисар (Түркия) шаарынын мэри Осман Сүслү мага сүйүнүчтүү кабар айтып, аларда бюджет каралып, Караколго бир бала бакча салууга каражат бөлүнгөнүн айтты», - дейт мэр.
Ошондой эле калкты да турак үйлѳр менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдѳ. Айтсак, азыркы учурда үч тараптуу келишимге кол коюунун алдында турат. Каракол шаарынын мэриясы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Мамкурулуш түзгөн келишимдин алкагында 2 даана 9 кабаттуу үй курулат, жалпы 198 батирлүү болот.
Каракол жаштар шаары болгондуктан жаштарга татыктуу билим берүү үчүн шаарда биринчи жолу жаңы инновациялык борбор куруулууда. Курулуштун жалпы баасы 26 350 000 сомду түзѳт.
Аны менен катар билим берүү деңгээлин жогорулатуучу долбоорлор эки жылда ишке ашып жатканын айтты. Билим берүү тармагын жогорулатуу үчүн ар кандай долбоорлор 16 720 000 сомго ишке ашырылды. Жыйынтыгында жалпы республикалык тестирлѳөдѳ 2020-2021 окуу жылында 200 баллдан ашык алган 6 окуучу болсо, 2021-2022 окуу жылынын жыйынтыгы менен 12 окуучу алып, өсүү темпи 200% түздү.
Шаардын элинин экономикалык шартын жакшыртуу үчүн жаңы ишканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Жалпы 2021-жылы жана 2022-жылы шаарда 685 жаңы жумуш орундары түзүлдү, киреше алып келүүчү долбоорлордун жалпы суммасы 91 215 000 сом болду. Алардын ичинен эң ириси кинотеатр, тигүүчү цех (200 жумуш орду менен), балык чарбасы, эмерек цехтери жана башкалар ачылды.
Аны менен катар донорлордун колдоосу менен шаарда ПЦР лаборатория, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП, гинекологиялык борбор жана 6 мечит курулду. Ар кандай кайрымдуулук фонддорунун каражаттарынын эсебинен ишке ашкан долбоорлордун жалпы суммасы 62 692 100 сом болду.
Каракол шаарын жарыктандыруу үчүн бул аралыкта 3850 даана светодиоддук лампалар сатылып алынды, жалпы суммасы: 46 000 000 сом. Учурда шаардын жарыктандырылбаган көчөлөрүнө орнотулууда.
Каракол өзүнүн табияты менен чет жерден эс алуучуларды тарткан, туризм борбору болгондуктан атайын долбоор ишке ашырылууда. Анда Швейцария мамлекетинин колдоосу менен Helvetas долбоорунун алкагында Каракол шаарында кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча долбоор ишке ашырылып башталды. Бул долбоорго Швейцариядан 8 000 000 АКШ доллары бөлүндү.
Дагы бир чоң жетишкендик — каттуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү заводун курулушу жүрүүдѳ. Ал ишке кирсе кайра иштетүүдѳ тѳмөндѳгү буюмдар чыгарылат.
1. Полимердик түтүктѳрдү чыгаруу;
2. Желим шыпыргыч щеткаларды чыгаруу;
3. Полимердик кум буюмдарын чыгаруу;
Жыл сайын таза пайданын кѳлѳмү 42 729 млн сомду түзѳт.
Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен асфальт-бетон жана темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдорду куруу иштери башталды. 2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен аталган заводдордун курулуш иштери толугу менен бүтүп, ишке берилет.
Ошондой эле шаарда азыркы учурда шаардык стадионду реконструкциялоо, спорттук залдарды куруу жана 5 даана коомдук ажатканаларды куруу иштери жүрүп жатканын шаар мэри белгиледи.
Аны менен катар жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын коомдук аймактарында 118 даана фото-видео каражаттары алынып орнотулду. Жалпы суммасы: 5,0 млн сом.
«Былтыркы эң чоң жетишкендик — Каракол шаардык кеңешинин токтому менен Каракол шаарынын 2022-2025-жылдарга карата өнүгүү программасы кабыл алынып, концепциянын алкагында «Каракол ѳсүү чекити» ийгиликтүү ишке ашып жана ошону менен бирге Каракол КМШ ѳлкөлѳрүнүн маданий борбору иш-чарасы ийгиликтүү өттү. Жыл алкагында өткөн иш-чаралар шаардын маданиятын, туристтик дараметин көтөрүүгө чоң өбөлгө болду. Мисалы, «Кышкы фестивалды» гана айтсак, бул иш-чара эң көп конокторду шаарга алып келди. Мындан ары ар бир мезгилде ушул өңдүү иш-чараларды өткөрүү планы бар. Туристтер, меймандар да ага карап келишет. Мындан шаарга көп каражат түшүрүүгө болот», - деди мэр Жумаев.