Turmush — Жижиң (заара кармай албоо/инконтиненция) – бул оорулуу адам көзөмөлдөй албаган аргасыз сийдик чыгаруу. Оору өлүмгө алып келбейт жана ден соолукка таасир этпейт, бирок жашоо сапатын олуттуу түрдө төмөндөтөт. Ыңгайсыз абалга түшүп калуудан чоочулап, адам акырындап саякаттан, интимдик жашоодон, театрга баруудан жана спорт менен машыгуудан баш тартып баштайт. Элден безип жалгыз өмүр сүрүү, башкалардын сөз кылуусу, мурда кубаныч тартуулаган нерселерден баш тартуу — мунун баары акырындан өзүн кем сезүү жана депрессияга алып келиши мүмкүн.
Жижиң симптомдоруна жараша 3 типке бөлүнөт:
- Стресс абалында заара кармай албоо: интраабдоминалдык басым жогорулаган кезде пайда болот. Бул спорт менен машыгууда, оор жүк көтөргөндө, жыныстык катнашта, чүчкүргөн, жөтөлгөн жана каткырып күлгөн учурда болуусу мүмкүн.
- Ургенттик заара кармай албоо: ар дайым эле өз убагында көңүл буруу мүмкүн болбогон, чыдамсыздык менен заара чыгаруу каалоосунун пайда болуусу менен мүнөздөлөт.
- Жижиңдин аралаш формасы: инконтиненциянын биринчи жана экинчи формасынын белгилерин бириктирген түрү.
Заара кармай албоо улгайган кишилерде гана болобу?
Заара кармай албоо ар кандай куракта болуусу мүмкүн — кичинекей балдардан тарта пенсия курагындагы адамдарга чейин. Бирок инконтиненцияга көпчүлүк учурда улгайган курактагылар көбүрөөк кабылышат – бул организмдин жаш куракка жараша анатомиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу.
- Заара кармай албоонун негизги себептери:
- Оор, травмалуу төрөт.
- Ашыкча салмак.
- Гинекологиялык операциялар (мисалы, киста же шишик).
- Климакска байланыштуу гормоналдык өзгөрүүлөр.
- Гиперактивдүү табарсык (табарсык катуу толбой туруп, заара катуу кыстайт, дааратканага баргандан кийин да табарсык толук бошобогондой сезим калат).
- Жамбаш органдарынын өнөкөт сезгенүү ооруулары (цистит же аягына чейин дарыланбаган грибоктук инфекциялар табарсыктын дубалчаларын дүүлүктүрүүсү мүмкүн, ал өз кезегинде дааратканага башаламан улам чуркатат).
- Ашыкча күчүркөнүүнүн натыйжасы (белдин төмөн жагындагы жана жамбаш булчуңдарына өнөкөт күч келтирилген учурда табарсыкты жөлөп туруучу жамбаш астындагы булчуңдар алсырайт).
- Кээ бир дарыларды ичүү.
Жижиң (заара кармай албоо) – сейрек ооруубу?
Дүйнөдө ар бир 4-аял жана 8-эркек өмүрүнүн ар кандай бөлүгүндө заара кармай албоо белгилерин байкашат. Мисалы, Орусияда бул илдеттен аялдардын 38.6% жабыркайт. Алардын 4% гана врачка кайрылышат, калгандары муну дарылоо зарыл болбогон «закон ченемдүү» көрүнүш катары көрүшөт. Чет өлкөдө бул илдетти дарылоо үчүн оорулуу аялдардын 9 – 47% медиктерге кайрылышат жана ооруканага келүүдөн тартынышпайт.
Жижиңдин (илдеттин) алдын алууга болобу?
- Заараны кармай албоонун профилактикасы төмөнкүлөрдү ичине камтыйт:
- Жамбаш сөөк булчуңдарын бекемдөөчү үзгүлтүксүз физикалык көнүгүүлөр.
- Тамактанууну көзөмөлдөө (рациондогу тузду азайтуу, уксустан жана салмак алдыруучу азыктардан баш тартуу, жетиштүү өлчөмдө суу ичүү).
- Активдүү жашоо образы (сууда сүзүү, машыгуучу жана чуркоочу жол шаймандарын колдонуу).
- Кегель көнүгүүлөр (перинеалдык булчуңдарды бекемдөө жана машыктыруу). Кантип айыгууга болот? Дарылоо илдеттин себептери так аныкталгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек. Аны врач-уролог аныктап, дарылоо кеңешин бере алат.
Мындан сырткары төмөнкүлөр да жардам берет:
- Табарсыкты машыктыруу. Заара чыгаруу планын түзүү жана аны аткаруу. Дааратканага баруу интервалын улам узартып туруу керек.
- Жамбаш астын бекемдөө үчүн көнүгүүлөр. Ал белгилүү бир убакыт аралыгында булчуңдарды кезек менен чыңалтып, кайра эс алдырууну ичине камтыйт.
- Физиотерапия. Бул жамбаш сөөгүндөгү кан айлануунун жакшыруусунан улам байламталарды жана булчуңдарды бекемдейт жана чоюлчаак болуусуна шарт түзөт.
- Медикаменттердин жардамы менен дарылоо. Керектүү дарыны инконтиненциянын тибине, белгилерине жана кошумча дарттарына жараша врач дайындайт.
Бул илдет менен кантип жашоого болот?
Инконтиненциядагы эң маанилүү эреже – жеке гигиенаны сактоо. Мында урологиялык төшөмөлөр (жөнөкөй төшөмөлөр ашыры нымдуулуктун көлөмүнө туруштук бере албайт) жана кийме жалаяктар жардам бере алат. Ошондой эле теринин абалын көзөмөлдөө зарыл. Жижиң менен жабыркаган адамдардын териси зыянкечтерге жана бактериялардын агрессивдүү таасирине сезимтал болушат. Сезгенүү жана кургап кетүүнүн алдын алуу үчүн сезимтал терилерге кам көрүүчү жана коргоочу каражаттарды колдонуу керек. Аларды дарыканадан сатып алууга болот.
Заара кармай албаган учурда кайсыл гигиена каражаттары жардам берет?
Seni (Сени) соода маркасы инконтиненциянын ар кандай деңгээлдеги түрү менен жабыркаган улуулар үчүн кам көрүүчү косметикалык жана гигиеналык каражаттардын кеңири ассортиментин сунуштайт. Бул бренддин тарыхы 1997-жылдан Seni маркасы астында төшөктө жаткан бейтаптарга арналган сиңирүү касиети жогору буюмдар сунушталгандан башталат. Бүгүнкү күндө Seni соода маркасы астында аялдар үчүн урологиялык төшөмөлөр, эркектер үчүн төшөмөлөр, чоңдор үчүн кийме жалаяктар жана бир жолу колдонулуучу сиңирүүчү ич кийимдер, гигиеналык ороо жалаяктар, ошондой эле атайы косметика жана териге аяр кам көрүү үчүн буюмдар чыгарылат.