Turmush — Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын 27 жаштагы тургуну Адилет Жуматаев 50 миӊ сомго сатып алган 1 тонна сөөлжанды көбөйтүп, аны 15 тоннага жеткирди. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
«Мектепти аяктагандан кийин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кара-Балта шаарындагы филиалынан билим алдым. Окууну аяктаган соӊ Санкт-Петербург шаарына мигрант болуп кеттим. Үй-бүлөлүүмүн, 2 балам бар. Ошол балдарым бөлөк жерде чоӊоюшпасын деп, кайра Кыргызстанга келип, ишкерлик менен алектенүүнү чечтим. Учурда сөөлжан багуу менен дагы алектенип келем. Сөөлжан өстүрүү бизде жаӊы башталды. Болбосо Өзбекстан менен Казакстанда эбак башталган», - деди ал.
Адилет мырза сөөлжан багуунун айрым сырлары менен бөлүштү.
«Сөөлжан багуунун жакшы жагын айтсам, ишкерликти аз акча менен баштаса болот. Сөөлжан маарабайт, чөп-жем сурабайт. Болгону малдын кыгы жана суу керек. Анткени сөөлжан нымдуу чөйрөнү жакшы көрөт. Бирок, жумуштун баары эле жеӊил боло бербейт. Мунун деле оор жактары бар. Мисалы, малдын кыгын табуу кээде кыйынга учурайт. Атайын «КамАЗ» жалдап, ага жумушчу күч таап, мал баккан кишинин чарбасына барыш керек. Биз малдын кыгын бекер алып кетебиз. Кээ бир аймактарда сатышат.
Сөөлжанды жаз мезгилинен баштап сата баштайбыз. Мигранттарга жардам кылып, алар сатып алган сөөлжанды убактылуу багып берейин деп жатам. Алар чет өлкөдөн келгиче, бул жакта бизнеси баштала берет. Бул экологиялык таза жер семирткич. Селитра жана башка химиялык семирткичтерден бир топ күчтүү болот», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...