Turmush — Бүгүн, 28-апрелде Таш-Көмүр шаардык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Токтомамат Тургунбаев Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды. Иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Деванаева Б., БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айтикеев Т.О. жана БШКнын Аксы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Шадыбеков К.Ж. катышты.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна «Жаштар», «Ынтымак» жана «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракцияларынан 1 талапкер – Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович көрсөтүлдү. Добуш берүүгө Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 30 депутаты катышты, С.Т.Кудайбердиевдин талапкерлиги үчүн бардык 30 депутат добуш берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
2022-жылдын 10-апрелинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. 14-апрелде шайлоонун жыйынтыгы чыгарылган.
Таш-Көмүр шаардык кеңешине 3 партия шайланды:
1. «Жаштар» — 14 мандат;
2. «Ата-Журт Кыргызстан» — 12 мандат;
3. «Ынтымак» — 5 мандат.
Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович 1985-жылы 23-июлда туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Ал буга чейин да аталган шаардык кеңешке депутат болуп шайланып, төрага болгон.