Turmush — Бүгүн, 4-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургундары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Төрөбай Зулпукаровду үй камагына чыгарууну бийлик өкүлдөрүнөн өтүнүп, тынчтык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, акцияга чыккандар депутаттын үстүнөн такталбаган айыптар коюлуп жатканын айтышып, акыйкаттык талап кылышты. Ага катар эле Төрөбай Зулпукаров эл тарабынан шайланганын белгилешти. Жердеши Санахат Айтматова депутат Т.Зулпукаровго мыйзамсыз баюу деген айып коюлганына таң калганын айтып, тез арада боштондукка чыгарып берүүнү бийлик өкүлдөрүнөн суранды.
«Төрөбай Зулпукаров дайым айылга келип жолугушуу уюштурганда «силердин үстүңөрдөн байыган болсом буйрубасын» дейт эле. Ноокат районунда эч кандай ишканасы же имараты жок. Биз коюлган айыптарга макул эмеспиз. Бүгүн энелер аны тез арада чыгарып берүүнү суранып келип отурабыз», - деди ал.
Кайрылуу акциясында Төрөбай Зулпукаровдун айылдаштары анын кылган кызматтарын баса белгилешти. Мамлекетти карап отурбастан, ар тараптан инвестор тартып, авариялык абалга келип калган билим берүү мекемелеринин көбүн жаңыдан куруп бергенин да айтышты. Ошондой эле Жогорку Кеңеште татыктуу депутат болгонуна токтолушту.
«Жогорку Кеңешке казино боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, аны өткөргөн бирден бир депутат биздин ноокаттык депутатыбыз болгонуна сыймыктанабыз. Төрөбай Зулпукаров элди ыймандуулукка, адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка чакырган эл өкүлү болду. Өзү тазалыгынан, жебегенинен ушуларды айтат да. Мен анын мамлекетке кыянат кылганына ишенбейм. Казино боюнча мыкты мыйзамды иштеп чыгып, көп энелердин сообуна калган адам.
Сахалинден 32 миң доллары менен иштеп келе жаткан жигит жолдон казиного кирип, акчасын уттуруп жиберет. Айылга келгенде аялы экөөнүн ортосунда ошонун айынан түшүнбөстүк болуп, ажырашып кетишет. Ошол баланын энеси ыйлап, Төрөбай Зулпукаровго барган. Бүт зыян жактарын эске алып, көрүп, элдин арыз-муңун угуп, ушул мыйзамды ишке ашырды эле», - деди Мамадали Дүйшеев.
Депутаттын жердештери акыйкат тергөө жүргүзүп, тез арада үй камагына чыгарууну бир ооздон суранышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков 31-май күнү УКМК тарабынан кармалып, сот чечими менен 2 айга тергөө абагында камакта калтырылган.