Turmush — Кара-Буура районундагы жеке ишкер Мирлан Назарбеков кечээ, 24-июль күнү Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна эки тез жардам унаасын тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Тез жардам унааларын Мирлан Назарбековдун апасы Умсун Назарбекова тапшырды.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Канатбек Акматбековдун айтымында, буга чейин аларда бир гана тез жардам унаасы болгон.
«Бүгүн Кара-Буура районунда, анын ичинде Кызыл-Адыр айылында жакшы саамалык болуп жатат. Бул тез жардам унаалары буюрса элибизге үзүрлүү кызмат кылат. Мирлан мырзага бардык медицина кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.
Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, жеке ишкер районго 2015-жылдан бери жардам берип, бир топ алгылыктуу иштерди жасаган.
«Тез жардам унааларынын бирөө Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, бирөө Аманбаевдеги ооруканага тапшырылды. Буга чейин Мирлан Назарбеков Кара-Буура районунун Үч-Булак айылына 25 миң долларга трансформатор орнотуп берген. Пандемия башталгандан бери 1 млн сом каражат бөлүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү ун, май менен камсыздады. Райондогу бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кычкылтек концентраторлорун алып берди. Жакында эле Кара-Буура райондук ооруканасынын оңдоо иштерине 200 миң сом каражат тапшырды. Мирлан Назарбеков райондогу бардык саамалыктарда өзүнүн салымын кошуп келе жатат. Районубузга учурдагы кырдаалда жардам берип жаткан демөөрчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз», - деди аким.
Мирлан Назарбеков 1977-жылы Кара-Буура районунун Үч-Булак айылында туулган. Кызыл-Адыр айылындагы Киров орто мектебин артыкчылык менен аяктаган. Кесиби боюнча юрист. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Ал өлкөдө коронавирус аныкталгандан бери жалпы 4,5 млн сомдук жардам берди.