Turmush — Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктар жардамга муктаж жарандарга көмөк көрсөтүүнү улантып жатышат. Алардын катарындагы «Квартал Строй» курулуш компаниясы 7-апрелге карата 2 шаардагы 80 үй-бүлөнү азык-түлүк менен камсыз кылды.
Бул компаниянын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Ленин районундагы аз камсыз болгон жошоочуларга, тактап айтканда 40 үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирип беришти. Ар бир үй-бүлө 50 кг ун, 5 кг эт (уйдун эти), 5 кг күрүч, 5 кг кумшекер, 5 литр тамак-аш майы, 5 кг сабиз, 10 кг пияз, 10 кг картошка, 2 кг кесме, 1 кг туз, чай жана башка керектүү каражаттарды алган.
Ошондой эле Токмок шаарындагы 40 үй-бүлөнү дагы ушундай азык-түлүктөр менен камсыздады. Ленин районундагы дагы 60 үй-бүлөнү «Квартал строй» компаниясы жакынкы убакытта өз карамагына алат.
«Квартал строй» компаниясы өзгөчө абал режими башталганда 6 баш бодо мал союп, 650 үй-бүлө 5 кг эт менен камсыз болушкан.