Turmush — Итагар айылы Аксы районунун тоолуу айылдарына кирет. Айыл тургундарынын көпчүлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет. Айылда учурда 300гө жакын кожолук жашайт.
Итагар айылынын аталып калышына ар түрдүү жоромолдор айтылып келет. Айылды аралап аккан чоң суу болгондуктан айылдын аталышы суунун көптүгү менен байланыштуу деген маалыматтар бар. Бул айылда мурун аз адам жашаган деп айтылып келет. Айылдан 10 чакырым алыстыкта жайлоо менен айылды бөлүп турган капчыгай бар. Капчыгайда суу чоң болуп аккандыктан аттарды агызып кеткен учурлар болгондугун айылдыктар айтышат.
Айылдын аталыш тарыхын изилдеген Улан Турдалиев капчыгайдагы суудан мергенчилер эт агызып, эт агар деп атап жүрүшүп, кийин Итагар болуп айтылып калышы мүмкүн экенин белгиледи.
«Айылдын аталыш тарыхына ар түрдүү жоромолдор айтылып келет. Итагар деп аталып калышына айылдын жогору жагындагы капчыгайдан мергенчилер эт агызып, эт агар экен деп жүрүп кийин Итагар аталып калган дешет.
Кыргыз тилинде итабар деген сөз бар. Ал сөз ыраакы, алыс дегенди түшүндүрөт. Дагы бир жоромол боюнча айыл райондон алыс болгондуктан "Итабар жер экен" деп жүрүп, кийин Итагар деп айтылып калышы мүмкүн. Бул жоромолдор азыр айылдын аталышына жакын. Бирок так маалыматты айтуу кыйын», - деди У.Турдалиев.
Итагар айылы тоолуу болгондуктан райондун башка аймактарындагы малчылар да көчүп келишет. Айылдын чар тарабы мал багууга ыңгайлуу жер.
Айылдын токоюнда 1 миңден ашык бак-дарактын, чөптөрдүн түрлөрү өсөт. Канаттуу жана жапайы айбанаттардын 200гө жакын түрү жашайт. Элдин өзгөчө көңүлүн бурган Кыргызстандын Аксы жана Токтогул райондорунда гана өскөн кожагат дээрлик 25 гектардай жердди ээлейт. Жылына ал жерден 1 милион сомдон ашык каражат айыл элинин капчыгына түшөрү айтылып келет. Бул айылда дыйканчылык өнүккөн эмес. Айыл эли мал багуу менен тиричилигин өткөрүшөт.