Сооронбай Жээнбеков отметил, что он старался перенять у Чынгыза Айтматова самые лучшие его качества. «Чыңгыз Айтматов – это путеводная звезда кыргызского народа, его богатство. Он прославил на весь мир кыргызский народ, его духовный мир, неиссякаемое наследие. Он был особенным человеком. Мы, кыргызстанцы гордимся духовным наследием - эпосом «Манас» и Чынгызом Айтматовым. Что примечательно, оба имеют прямое отношение Таласу», - подчеркнул Сооронбай Жээнбеков.
Он отметил, что объезжает весь Кыргызстан, знакомя избирателей со своей программой. «Я с 1995 года служу народу, вышел из народа и буду всегда с народом. Некоторые обещают золотые горы, а к вам я уже пришел с проделанной работой», - заключил Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков: Чыңгыз Айтматов менен иштеп, анын эң жакшы нерселерин өзүмө сиңирдим
Жогорку Кеңеште депутат болгонумда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бирге иштеп калганым үчүн мен бактылуумун, деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Талас облусунун Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун үй музейинде жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын ачык асман алдындагы музейине барган учурда. Сооронбай Жээнбеков музейлерди көрүп чыгып, Ч.Айтматовдун эстелигине гүл койду жана ошондой эле ал жактан шайлоочулар менен жолугушту.
Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун эң мыкты сапаттарын өзүнө сиңирип алганга аракет кылганын баса белгиледи. «Чыңгыз агабыз – кыргыз элинин чекесине бүткөн өчпөс жылдыз. Кут, ырыскы. Ал кыргыз элин, анын руханий дүйнөсүн, көөнөрбөс мурасын ааламга таанытты. Ал өзгөчө адам болгон эле. Биз, кыргызстандыктар, «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматов менен руханий байлыгыбыз катары сыймыктанабыз. Эң кызыктуусу, экөө тең Талас менен түздөн-түз байланышы бар», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал Кыргызстанды кыдырып, шайлоочуларды өз программалары менен тааныштырып жүргөнүн айтты. «Мен 1995-жылдан бери элиме кызмат кылып келе жатам, элден чыккам жана ар дайым эл менен болом. Айрымдар тоодой убада беришет, мен болсо аткарган иштерим менен сиздерге даяр келдим», - деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.
Изготовитель: ОсОО АКИ «Кыргызстан», г. Бишкек, ул. Московская, 189.
Заказано и оплачено из избирательного фонда кандидата на должность президента КР Жээнбекова С.Ш. уполномоченным представителем по финансовым вопросам Сатыгул кызы Надирой. Тираж 1 экземпляр. Дата выпуска: 22.09.2017 г.