Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 17.12.2014 18:02

Айыл турмушу: Кызыл-Кыядагы «Динамо» тигүү фабрикасында 70ке жакын аял милиция кызматкерлерине форма тигишет (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарындагы «Динамо» тигүү фабрикасы 1980-жылдан тарта иштеп баштаган. Ошол убакта шахталар жабылып, шахтерлердун аялдарын жумушка орноштуруу маселеси курч турган.

Учурда фабрикада негизинен аялдар иштешет, алардын саны 70ке жетет. Алардын кээ бири фабрика ачылгандан бери эмгектенип келишет.

Алсак, Амина Абдувалиева жөнөкөй тигүүчү болуп баштап, андан кийин «Гвоздика» жаштар бригадасынын бригадири болгон, учурда ал фабриканын директору болуп иштейт.

Мукаддас Ахмеджанова — кийим быча турган цехтин башчысы, Робия Мамаражапова - «Гүлкайыр» бригадасынын бригадири. Бурайма Худайбердиева - «Кызгалдак» бригадасынын бригадири. Жаш тигүүчүлөр Канохат Исманалиева, Панаркан Айбашева, Замира Мадимарова, Карамат Кийкбаева жана башкалар улуулардын жолун жолдошууда.

Материалдык-техникалык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы Көлбото Абдуразакова бул жакта 12 жылдан бери жамаатты башкарып келет.

Тигүү фабрикасынын жамааты жакшы иштегендиги үчүн Ички иштер минситрлигинин, мэриянын жана шаардык кеңештин ардак грамоталары менен сыйланып келген.

Бул фабрикадагы тигүүчүлөр милиция кызматкерлерине форма тигип келишет. Заказдар көп болгондугуна байланыштуу тигүүчүлөр толук күн иштешет.

Салыктар социалдык фондго, кызматкерлерге айлык маяналар өз убагында төлөнүп турат. Ушул жылдын 11 айында товардык продукциянын көлөмү 12 млн 951,2 миң сомду түздү.

47

48

49

50

51

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×