Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.12.2014 17:28

Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айлана тегерегин оңдоо боюнча 1,2 млн сомдук иштер аткарылды

Turmush -  Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айлана тегерегин оңдоп түзөө боюнча бардыгы болуп 1,2 млн сомдук иштер аткарылды, деп билдиришти аталган комплекстен.

Алардын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 24-майы күнү Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей-комплексинин (ААМК) тарыхый эстеликтерин сактоо жана аянтын көрктөндүрүү боюнча Өзгөн раймамадминистрациясынын башчысынын демилгеси менен акча-каражат топтоо - кайрымдуулук марафону өткөрүлгөн. Марафондо мамлекеттик жана жергиликтуу деңгээлдеги ишкана уюмдар, ЖК депутаттары, жеке ишкерлер жана элдин калын катмары катышып, 2,4 млн сом акча топтолду.

Бүгүнкү күндө Маданият министрлиги макулдук берген иштерден, жолчолор жана аянттарга брусчатка жаткыруу иштеринин бир бөлүгү аткарылды жана улантылууда. Келишим боюнча 2 кирүү дарбазаларын куруу жана дааратканаларын ремонттоо иштери аткарылат.

Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплекси «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин филиалы болуп, ал 1 мунарадан жана мавзолейден турат.

Өзгөн мунарасы жана мавзолей Караханид дооруна таандык эстеликтердин орчундуусу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×