Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2014 16:00

Жумгал районундагы көмүр кампаларынан жалпы 3400 тонна көмүр элге сатылып, учурда 270 тонна көмүр үнөмдө турат, - райадминистрация

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун айыл өкмөттөрү тарабынан элге арзан көмүр сатуучу 17 көмүр кампалары уюштурулуп, айыл өкмөттөрү менен көмүр ишканалары ортосунда келишимдер түзүлүп көмүр сатуу иштери жүрүп жатат. 

Мындай маалыматты, бүгүн 11-декабрда Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Бакыт Женалиев маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө уюшулган кампалар аркылуу 3 миң 469 тонна көмүр сатылып, 270 тонна көмүр кампаларда үнөмдө турат. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×