Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.12.2014 11:15

Кадамжайда «Тико» унаасы кырсыкка учурап, жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы унаа жолунда 30-ноябрь күнү «Деу-тико» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, жүргүнчү 1988-жылы туулган Нуркыз Жалилова Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген.

Кадамжай РИИБнин тергөөчүсү Айзек Жумабаевдин аймактык кабарчыга кабарлашынча, аба ырайы туман болгон учурда авто кырсыктар көп катталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×