Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 21.11.2014 11:35

Айыл турмушу: Исламды кабыл алып, кыргыз жигитине турмушка чыккан орусиялык Анна (фото)

Turmush -  Кыргыз жигити Шерзат орусиялык Анна менен баш кошконуна 1 жылдан ашып, бир кыздуу болушту. Кадамжай районунун Тамаша айылынын тургуну Шерзат 2008-жылы иш издеп, Россиянын Москва шаарына барат. Шерзат бир компанияга жумушчу болуп ишке орношот. Ал компаниянын менеджери орус кызы Анна болот. Экөө ошол жерде таанышып, Шерзат сүйүп калганын айтат.

«Биз иштеген компанияда Анна менеджер болчу. Мен тил билбегендиктен ага тил үйрөнүш үчүн орусча сүйлөөгө аракет кылат элем. Анна дайым жакшы мамиле кылып, мени орус тилине үйрөткөнгө аракет кылып жүрдү. Мен күндө Аннаны көп ойлоочу болдум. Сүйүп калганымды жеткиликтүү айта албай, терезинин бууланган айнегине чоң кылып жүрөктүн сүрөтүн тартып, «Анна я тебя люблю» деп жазып коет элем. Анна мага күлүп гана койчу. Ошентип жүрүп экөөбүз жакын болуп калдык. Ал мени өз үйүнө алып барып, атасы менен тааныштырды. Бир жерде иштеп жүрдүк. Анна Ислам дини жөнүндө китептерди көп окучу. Исламдын таза дин экенин мага көп айтат эле. Мен өзүм намаз окубайм. Чынында Анна билгенчелик мен өз динибизди билбейм. Анна Москвадагы мечитке барып, Курандын орусча котормосунан окуп, көп таасирленгенин айтып жүрдү. Ал Ислам динин кабыл кылаарын айтып жүрдү. Ал Ислам динин кабыл алды. Ошентип 2013-жылдын май айында Аннаны Кыргызстанга алып келип, кыргыз каада салты менен ата-энем ак жоолук салып, экөөбүз мусулманча никеден өттүк. Нике учурунда Аннанын так дана келме айтканын көрүп, айлыбыздагы молдонунда көзүнө жаш тегеренген», - дейт кадамжайлык Шерзат.

Шерзат менен Анна айылга ээрчишип келгенде тан калып карагандар көп эле. Шерзат менен Анна ушул жылдын 15-сентябрында кыздуу болушту. Кыздын атын Шерзаттын атасы Аяна деп койгон. Бүгүнкү күндө Шерзат менен Анна Москва шаарында жашашат.

IMG-20141121-WA0051

IMG-20141121-WA0052

IMG-20141121-WA0053

IMG-20141121-WA0054

IMG-20141121-WA0064

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×