Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 11.11.2014 09:56

Кыргызстандын 2 жараны мыйзамды бузуп, өзбек чек арачылары аларга карата курал колдонду

Turmush -  Өзбекстан Республикасынын чек ара кошууну кечээ, 10-ноябрда Кыргыз Республикасынын жарандарына ок атты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбек чек арачылары маалымдагандай, Кыргызстандын 2 жараны «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаада мыйзамсыз жүктү (тоок жана өрдөктүн эти) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүүгө аракет кылышкан.

Маалым болгондой, КРнын жарандары унааларын Кызыл-Кыя (КР) – Кадамжай (КР) транзиттик жолунун жээгинде токтотушуп, мыйзамсыз жүктү түшүрүшкөн. Бул убакта ал жерге Өзбекстандын чек ара кошууну келген. Алар кармаганга каршылык көрсөткөндүктөн чек арачылар ок атышкан.

Өзбек чек арачыларынын аракетинин негизинде КРнын 1 жараны жарадар болуп, Вуадиль аймагындагы ооруканага жеткирилди.

Ал эми, КРнын 2-жараны Кыргызстандын чек арачылары тарабынан «Айрыбас» көзөмөлдөн өткөрүү пунктунан кармалып, Кадамжай районунун УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы окуянын себебин жана жагдайларын иликтөөдө.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя (КР) – Кадамжай (КР) унаа жолу Өзбекстан аймагы аркылуу өтүүчү эки тараптуу транзиттик жол. Анда КРнын жана Өзбекстандын гана жарандары өтө алат. Кыргызстандын жарандары транзиттик жолдо токтоого укугу жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×