Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу 21.01.2014 16:37

Ысык-Көлдө сел жана суу каптоолор 20 млн сомдук зыян алып келди

Turmush -  Ысык-Көл облусунда өткөн жылы сел жана суу каптоолордун натыйжасында келтирилген зыян 20 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков жарандык кооргонуу боюнча жыл жыйынтыгын караган отурумда билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Орун басардын айтымында, 2013-жылда облуста 53 өзгөчө кырдаал түзүлгөн, алардын ичинен 26сы табигый мүнөздө, 26 учуру техногендик мүнөздө, сел жана суу каптоо мүнөзүндө - 11 учур катталган.

«Суу каптоо жана селдерден келтирилген зыян 20 млн сомду түзгөн. Эң көп материалдык чыгым өткөн жылдын 28-январындагы жер титирөөдө болгон», - дейт А.Жаныбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×