Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2014 17:37

Ак-Суунун Тегизчил айылында 60 орунда бала бакча курулууда

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Кара-Жал айыл өкмөтүнүн Тегизчил айылында 60 орунду бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Кара-Жал айыл өкмөтүнүн 26-сессиясында маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, бала бакчаны салуу иши ушул жылдын октябрь айылында башталды. Тендерден «Тунук Курулуш» ЖЧК ишканасы жеңип алган жана 12 млн 400 миң сомго келишим түзүлгөн.

Учурда бала бакчанын имаратынын пайдубалынын траншеясы казылды.

Каржылоо Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×