Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 04.11.2014 18:13

Аламүдүн районунун Новопокровка айылында дүйнө жана Азия чемпиондору спортчу-чек арачылар менен жолугушуу өткөрүштү (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Новопокровка айылындагы Кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунда бүгүн, 4-ноябрда Олимпиада оюндарынын, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Каныбек Осмоналиев, Каныбек Сагынбаев, Айсулуу Тыныбекова, Алексей Федосеев жана Канат Бегалиев мыкты спортчу-чек арачылар менен жолугушуу өткөрүштү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, чемпиондор менен жолугушуу ушул жылдын ноябрында өтө турчу мелдештерге карата уюштурулган.

Айта кетсек, 2014-жылдын 10-13-ноябрында Алматы шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара ведомстволору арасында самбо боюнча чемпионат өтөт. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан ага бардык салмактагы категорияда спортчулар катышмакчы. Ошондой эле 2014-жылдын 8-13-ноябрында мамлекеттик органдардын кызматкерлери арасында спорттун 12 түрү боюнча спартакиада өтөт.

Бүгүнкү иш-чарага КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Талайбек Усубалиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө чемпиондор өздөрүнүн тажрыйбасы, спорттук жашоодогу кызыктуу окуялары менен бөлүшүштү жана чек арачы-спортчуларга спортто жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоо, кайтаруу татаал кызматтарында ийгиликтер болушун каалашты.

спорт

спо

спор

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×