Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуНоокат району 22.10.2014 12:12

БШК А.Аманбаевди Ноокаттагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жетекчиси кылып бекитти

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрдагы отурумунда ушул жылдын 30-сентябрында өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоонун жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда кайрадан өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен Ош облусундагы Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп - Аманбаев Абдилбакы Тургунбаевич бекитилди.

Жаңы шайланган айыл өкмөт башчысына аныкталган үлгүдөгү күбөлүк берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×