Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.01.2014 15:30

Өрт кырсыктары тилсиз жоого кош мамиле жасагандыктан келип чыгууда, - инспектор

Turmush -  Өрт кырсыктары тилсиз жоого кош мамиле жасагандыктан келип чыгууда, деп билдирди Жалал-Абад областтык өрткө каршы башкармалыгынын бөлүмүнүн улук инспектору капитан Мурзабек Мусаев.

Анын айтымында, электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан 18, жылытуучу мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежесинин бузулушунан 7, ачык өрттү пайдалануудагы этиятсыздыктан 3, балдардын от менен ойносусунан 4 өрт кырсыктары катталган.

«Бул адамдардын тилсиз жоого кош мамиле жасагандарынан келип чыгып жатат. Жалпы Жалал-Абад шаарынын атуулдарына кайрылат элем, от жагууда, жылытууда өрт кырсыктарын болтурбоо максатында өрт коопсуздук эрежелерин сактасаңыздар», - деп билдирди ал.

Өрттүн натыйжасында 31 тонна тоют күлгө айланып, 2 жаран түтүнгө ууланып каза болгон. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 1 жаран, 3 автоунаа жана 12 млн 850 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×