Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баракелде, Бишкек 22.09.2014 16:10

Сүлүктү шаарында 16 ишкана лицензия алып, көмүр өндүрүүгө киришүү алдында турат, - мэрия

Turmush -  Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында азыркы мезгилде көмүр өндүрүүчү ишканалардын саны 20га жетип, дагы 16 ишкана лицензия алып, көмүр кендерин изилдеп, даярдык көрүшүп, жакын арада ишке кирүү алдында турат.

Шаар мэриясынын апарат башчысы Алмазбек Каримовдун билдирүүсүндө, Сүлүктү шаарынын бюджетинде негизи киреше алып келүүчү тармак көмүр өндүрүү өнөр жайы болуп эсептелинет.

Бүгүнкү күндө шахтыларда 2100 адам эмгектенип, жылдын жыйынтыгы менен кенчилерибиз 200 миң тонна кара алтын өндүрүүнү пландашкан», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×