Turmush — Кечээ, 4-июнда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Илим, инновациялар жана академиялык жетишкендик» аттуу эл аралык конгресс өз жумушун ийгиликтүү аяктады.
Иш-чарага Азия жана Европа өлкөлөрүнөн келген алдыңкы окумуштуулар, ректорлор, профессорлор жана жаш изилдөөчүлөр катышып, заманбап илимдин актуалдуу маселелерин ортого салышты.
Конгресстин салтанаттуу ачылышында КӨЭАУнун ректорунун милдетин аткаруучу, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, университеттин илимий жетишкендиктерин айтып өттү.
Ошондой эле, ардактуу конок катары Ташкент колдонмо илимдер университетинин (ТашУПН) проректорлору PhD, доцент М.Д.Вапаев менен PhD, доцент Э.Б.Саитов чыгып сүйлөшүп, эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоо зарылчылыгын белгилешти.
Пленардык отурумда эл аралык деңгээлдеги актуалдуу илимий багыттар боюнча маанилүү докладдар жасалды. Атап айтканда, доцент Г.К.Омурбекова өзүнүн баяндамасында жасалма интеллекттин (AI) дүйнөлүк илимдеги ролуна токтолуп, аны жөн гана курал эмес, илимдин жаңы предмети жана субьектиси катары карап, билим берүү чөйрөсүн санарип трансформациялоо зарылдыгын далилдеди.
Ташкент колдонмо илимдер университетинин проректору, PhD Муроджон Вапаев кремнийдин негизинде никель микро- жана наноструктураларын колдонуу менен жаңы типтеги жогорку натыйжалуу фотоэлементтерди (күн энергиясын алуучу түзүлүштөрдү) даярдоо технологиясын сунуштады. Бул ачылыш жашыл энергетика чөйрөсүндө чоң кызыгууну жаратты.
Конгресстин катышуучулары үчүн Scopus жана башка эл аралык рецензияланган журналдарга макалаларды жарыялоонун түз жолдору, академиялык жазуунун эл аралык стандарттары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Пленардык жыйындан кийин конгресстин ишмердүүлүгү төмөнкү 6 негизги багыт боюнча секциялык иштер уланды:
- Инженердик-технологиялык багыт;
- Физика-математикалык багыт;
- Социалдык-экономикалык багыт;
- Педагогикалык багыт
- Юридикалык багыт;
- Тарыхый-филологиялык багыт.
Секцияларда акылдуу сугат системаларынан тартып, геосаясий белгисиздик шарттарында миграцияны башкаруу, STEM-билим берүү жана улуттук баалуулуктарды сактоо маселелерине чейин 100дөн ашык илимий иш корголду.
Конгресстин жабылышында атайын Резолюция кабыл алынып, анда аймактагы илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү, жогорку окуу жайларында жасалма интеллектти коопсуз жана натыйжалуу колдонуу боюнча биргелешкен жол картасын түзүү чечими кабыл алынды.
Иш-чаранын соңунда жигердүү катышуучуларга эл аралык үлгүдөгү сертификаттар тапшырылып, мыкты макалалар КУМУнун «НОТ» эл аралык илимий журналына жана Scopus базасындагы басылмаларга сунушталды.