Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ноокат 18.09.2014 15:21

Ноокатта окуу башталгандан бери кайрадан антисанитардык абал пайда болду

Turmush -  Ош облусунун Ноокат шаарынын айланасында окуу жылы башталгандан бери кайрадан антисанитардык абал пайда болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Шаар тургундарынын айтымында, шаардын тазалыгы сентябрга чейин район акиминин жана райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жеке көзөмөлү менен алда канча жакшыртылган.

Ошондой эле, тургундар мектептерде окуу башталары менен базар ичинде, жол бойлорунда таштандылар, бөтөлкөлөр ташталып, кайрадан антисанитардык абал түзүлгөндүгүн белгилеп, көзөмөлдү күчөтүүнү өтүнүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×