Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу 15.09.2014 16:18

Ак-Талаа районунда согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрүнүн коомдук бирикмесинин төрагасы болуп Ш.Мурзабеков дайындалды

Turmush -  аНарын облусунун Ак-Талаа районунда согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктагы эмгекчилердин Ак-Талаа райондук коомдук бирикмесинин төрагасы болуп Шаршенбек Мурзабеков дайындалды. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

А.Ш.Мурзабеков, 1963-жылы 14-майда Баетов айылында туулган. Жогорку билимдүү, улук лейтенант аскер наамынан подполковник наамына чейин көтөрүлгөн. 2 уул, 2 кыздын атасы.

Эмгек жолун 1993-жылдары Нарын облустук аскер комиссариатында 2-бөлүмдүн башчысынын орун басары-аскерден тышкары даярдык көрүү бөлүмүнүн, ал эми 1995-жылы 2-бөлүмдүн башчысы, 2000-жылы Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын комиссары, 2001-жылы ушул комиссариаттын 3-бөлүмчөсүнүн башчысы, 2003-жылы Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын 4-бөлүмчөнүн башчысы болуп иштеп келген болсо, 2005-2012-жылдары Нарын шаарындагы 3-өзүнчө мото аткычтар бригадасынын мобилизациялык бөлүмчөсүнүн башчысы, штаб башчысынын орун басарлыгында эмгектенип келген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×