Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Чүй облусуЖайыл району 11.09.2014 14:11

Жайыл районунун айылдарында сентябрь айында жогорку кан басым оорусу менен жабыркаган жарандарды аныкташат

Turmush -  Жайыл районунун ден-соолук айыл комиттетиринин кызматкерлери жогорку кан басым оорулары менен жабыркаган жарандарды аныкташууда. Бул тууралуу Жайыл районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту бекемдөө бөлмөсүнүн адиси Куляш Бейшенбаева билдирди.

Анын айтымында, райондо жогорку кан басым оорусу менен жабыркаган жарандарды аныктоо боюнча акция жүрүүдө. Аталган мекеменин кызматкерлери калктуу пунктарда 18 жаштан жогорку баардык жарандардын кан басымын текшеришүүө. Бул максат үчүн эл аралык долбоорлордун алкагында кан басымды текшерүү үчүн электрондук аппараттар берилген. Техникалык жабдуудан тышкары ден соолук комитети калкка буклет иретинде маалыматттык материалдарды таратууда. Аныкталган жарандар дарыгерге жолдомо алышууда.

«Дарыгерлер кан басымды текшерип көрүшүп аларга маалыматтык баракчаларды таратууда. Эки формасы толтурулууда, биринчисинде — 18 жаштан 100 жашка чейинки жарандар киргизилсе, экинчисине кан басымы жогорулар киргизилет. Бир кызматкерге 25 короо туура келүүдө», - деп билдирди Бешенбаева.

К.Бейшенбаеванын айтымында, кээ бир адамдар жогору кан басым оорусунун белгилерине көл бурбайт, ошондой эле дарыланышпайт дагы. Жыйынтыгында жүрөктүн инфаркт, инсульт оорусуна алып келет. Белгилей кетчү нерсе, бул оорулар менен бир гана улуу курактагы адамдар эмес, жаштар дагы жабыр тартышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×