Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу, Ош 11.09.2014 12:15

Ош облусунун Манас-Ата айылынын жашоочулары арматура чыгарган заводдун иштешине нааразы болушууда, - ЖК депутаты А.Султанов

Turmush -  «Ош шаарынын Манас-Ата айылында курч маселе бар, жакынкы жерде кытай технологиясы боюнча курулган арматура чыгара турган завод бар, анын түтүнү жашоочуларды уулап жатат. Ал жакта 50-60га жакын үй-бүлө турак жай үчүн участок алышкан жана ал жакта жашап жатышат», - деп билдирди бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Султанов (КСДП) парламенттин жыйынында.

Анын айтымында, тиешелүү органдарга кайрылгандан кийин (УКМК, пракуратура органдары, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы) комиссия түзүлүп, ал бул завод иштебеши керек деген бүтүм чыгарылган, бирок ал ишин улантууда.

Заводдун ээлери жашоочуларга алардын таянаар адамы бар экендиктерин айтышкан.

«Кайсыл депутат, кайсыл өкмөт аларды коргоп жатат?», - деп кызыкты депутат.

«Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүкчөлөр бар, аларды дагы сатып жатышат, биз бүгүн суу менен камсыз кыла албай жатабыз. Бул суу түтүкчөлөрдү сатууга болбойт», - деди ал.

А.Султанов билдиргендей, Суусамыр жайытында отоо чөптөр боюнча көйгөйлөр бар. Жайыт комитетинде — гранттын эсебинен жайытты ошондой эле жолдорду оңдоо маселелери каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×