Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 10.09.2014 18:04

Кызыл-Кыяда калкты таза суу жана сугат суусу, электр энергиясы менен камсыз кылуу, таштандыларды тазалоо негизги көйгөй

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында графиктин негизинде шаардык кеңештин депутаттары жергиликтүү тургундар менен жолугушууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Рустам Абдукаюмовдун айтымында, шаардын ири райондорунда 10 жолугушуу белгиленип, буга чейин алардын жетөө өттү.

Маалым болгондой, депутаттар бүгүн, 10-сентябрда «Январь» административдик-аймагынын тургундары менен жолугуп, өздөрүнүн ишмердүүлүктөрү жөнүндө айтып берүү менен катар элдин суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле, чечилүүсү оор маселелер көзөмөлгө алынды.

Кошумчалай кетсек, калкты таза суу жана сугат суусу менен камсыздоо, шаарды таштандылардан тазалоо, шаардыктарды электр энергиясы менен камсыз кылуу жана коммуналдык маселелер негизги көйгөйлөрдөн болуп калууда.

Белгилей кетсек, аталган маселелер каттоого алынып, алардын чечими көзөмөлгө алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×