Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
БаракелдеКочкор району, Бишкек 08.09.2014 09:10

Кочкор районунда сакталып келген уникалдуу эски буюмдар Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна алынып барылат

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебиндеги Тарыхый этнографиялык аймак таану музейиндеги эң бир уникалдуу буюмдардын бири болгон, 7-8 кылымдардагы Түрк дооруна таандык тумар буюмдарын Ысык-Көлдө өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көргөзүлөт, деп билдирди аталган музейдин негиздөөчүсү Бообек уулу Болот. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, аталган турамлардын бири 7-8 кылымдардагы түрк элине таандык. Бул тумар колодон жазалып тумардын ичине арстандын элеси жана кыргыз элине таандык оюулар түшүрүлгөн. Мындан сырткары биздин заманга чейинки 7-кылымдагы Сактарга таандык ат жабдыктары ооздук, жүгөн тогосу жабдыктары бар.

«Бул ат жабдыктарынын өзгөчөлүгү алар эски байыркы күмүштөн жазалып Евразиядагы эң бир байыркы элдерге таандык буюм катары саналып келет. Мына ушундау уникалдуу буюмдарды Ысык-Көлдө өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы маданият ортдосунда көргөзмөгө коюлат»,- деди Б.Бообек уулу.

Маалымат үчүн айта кетсек, аталган орто мектептеги музей 2013-жылы негизделген. Учурда 50дөн ашык байыркы жана бүгүнкү замандагы адам баласы колдонуп келген буюмдар сакталган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×