Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
БаракелдеКочкор району, Бишкек 04.09.2014 18:20

Фото — Кочкор районунун Ак-Жар айылында мектеп окуучулары айылдагы бош үйлөрдө окууларын улантышты

Turmush -  Ак-Жар уй даяр окуучу (3)Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы мектеп окуучулары жаңы окуу жылын айылдардагы бош үйлөрдөн башташты. Бул тууралуу маалыматты аталган орто мектептин мугалими Өмүркул Ноорузбаев билдирди деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, мектеп мындан 7 жыл мурда салынган, бирок тилеке каршы жаңы курулган мектептин курулуш иши начар болгондуктан быйылкы жылы мектеп авариялык абалга келген.

«Жаңы окуу жылында балдарга айылдардагы бош үйлөр даярдалды, учурда 7 турак-жай, 1 айыл өкмөттүн имараты жана айылдык клубтун ичи даярдалып балдар окууларын башташты. Айылдардагы ээн турак-жайлардын аралыгы алыс болгондуктан бир-бирине каттап туруш өтө кыйын болууда. Мындай ыңгайсыздык келечек муундарга кандай тарбия берет билбейбиз. Бир жерде сабак берип экинчи жерге жетишиң кыйын болууда. Азыр күн жылуу күз мезгили, ал эми кышында кандай жагдай түзүлөт аны мезгил көрсөтөөр», - деди Ө.Ноорузбаев.

Ошондой эле кичине класстарга тамак берүү да оорчулукту туудуруп жатканын айткан мектептин ашпозчусу үмүт Усубалиева, бир жерден экинчи жерге жоо жалаңдап ташып келип балдарга ысык тамак берип жатканын айтты. 

Ал кошумчалагандай, кышкысын кандай болот билбейм. Азыр төрт жерге ташып барам ошону менен эле кеч кирип кетет. Ээн үй болгону менен анын жылуулугу, тазалыгы жана окуу талабына жооп бердүүлүгү кандай болот аны билбейм.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×