Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
БаракелдеКочкор району, Бишкек 28.08.2014 09:30

Кочкордогу Ак-Жар орто мектебин курган «Хан-Тенгри» ЖЧКнын жетекчиси А.Халилов бир дагы соттук отурумга келбей жатат, - айылдык кеңештин депутаты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айыл аймагынын тургундары Ак-Жар орто мектебине туура эмес курулуш ишин жүргүзгөн «Хан-Теңгри» ЖЧКсынын жетекчиси А.Халиловдун жоопкерчиликке тартылышын талап кылып жатат, деп кабарлады айылдык кеңештин депутаты Бакай Убайылдаев. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчы билдирди.

Анын берген маалыматына карасак, учурда 480 окуучу мектептин абалынын начардыгынын окуулар жаңы 2014-2015-окуу жылында шарты жок үйлөрдө жана айылдагы ээн жаткан имараттарга даярдалып жатат. 

«Мектептин акыбалы боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, иштеп баштаган, кеминде 23 комиссия келип кетишти. Келгендери эле бири келген иликтөөнү экинчиси келип элди да ишенимден кетирди. Минтип отурса бийликтен ишеним деги болбой калат го. Өкмөттүн өкүлдөрү, ЖКнын Депутаттары баш болуп, вице-премьер Э.Сариева, билим берүү министри К.Сыдыковтор дагы келип абалыбызды көрүп кетишти эле. Эч бир жыйынтык болбоду. Кычыраган кышта эми балдарыбыз үшүп тоңуп айласыз абалдагы жайларда окушат. Бул мектепти салган «Хан-Теңгри» ЖЧКнын башчысы А.Халилов жоопкерчилике тартылыш керек. Буга чейин болуп жаткан соттук отурумдун бирине да басып келбеген А.Халиловго кандайдыр бир жоопкерчилик деген болобу, же өкмөттүн дагы бул ишке коррупциялык багытта тиешеси барбы», - деди депутат.

Маалымат үчүн айта кетсек, Ак-Жар орто мектеби 2006-жылдагы катуу жер силкинүүдө жараксыз абалга келген. 2007-жылы «Хан-Теңгри» ЖЧКсы өкмөттүн 48 млн сомуна курулуш иштерин жүргүзүп мектепти пайдаланууга берген. Арадан 2 жыл өтпөй 2009-жылы мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы түзүлүп, алар курулуштун кемчиликтерин аныктап, аларды жойгондо гана кабыл алууга жатат деген чечим чыгарышкан. Бирок ал кемчиликтер жоюлбай, бүгүнкү күнгө чейин бул иш бүдөмүк бойдон келет.

Ал эми Нарын облустук прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин 304-жана 315-беренелери менен Кочкор райондук архитектура башкармалыгынын башчысы Т.Жумабековду, 221-берене менен «Хан-Теңгри» ЖЧКсынын директору А.Халиловду айыптап, Кочкор райондук сотуна кайрылган. Бирок мектепти курууга сарпталган мамлекеттин каражатын көзөмөлгө албай, курулуштагы кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып барбаган Т.Жумабеков менен А.Халилов жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу бошотулган.

Тема боюнча: Вице-премьер-министр Э.Сариева 7 жыл мурун салынганына карабай иштеп чыккан Кочкордогу Ак-Жар мектебинин абалы менен таанышты (фоторепортаж)

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы 2007-жылы салынып, көгүчкөндөрдүн мекенине айланган Ак-Жар орто мектебинен фоторепортаж

Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы орто мектепке Саламаттык сактоо министрлигинен дарыгерлер келет


965c1e545615a38317a2ca8abdbe57e149cb29b1fd3b800d8aee20294213730e811a95e11596677120c6fa96a89ef89f781bde0546c0b6b96bfaa0a93d366080

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×