Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.08.2014 18:00

«Кыргызпочтасы» ишканасынын Каракол шаарындагы филиалынан 6 айда 18 миңден көп кат жөнөтүлүп, 21 миң кат келген

Turmush -  Ушул жылдын 6 ай аралыгында «Кыргызпочтасы» ишканасынын Каракол шаарындагы филиалынан 18 миңден көп кат жөнөтүлүп, 21 миң кат келген. Бул тууралуу «Кыргызпочтасы» ишканасынын Караколдук шаардык филиалынан билдиришти.

Каракол шаардык филилиалынын башчысы Алымбек Иманалиевдин айтуусунда, 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында почтадан 18 миңден көп кат жөнөтүлгөн, көпчүлүгүн алыстан келген туристтер жазышат.

«Азыр туристтик жайкы сезон. Бул убакта өзгөчө көп чет элдик туристтер ар түрдүү жаратылыш, Ысык-Көлдүн сүрөтү менен открыткаларды өздөрүнүн жакындарына жөнөтүшөт. Каттын жетүү убактысы эки жуманы түзөт», - дейт ал.

Ошондой эле, анын айтуусунда былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 42 миң кат жөнөтүлүп, 66 миң кат келген.

«Көпчүлүк учурда Россияга жазышат. Анткени, Караколдо орус улутундагы адамдар көп, алардын көпчүлүгүнүн бир туугандары Россияда жашашат. Учурда биз 3-4 -пунктарда кырдаалга байланыштуу Украинага жөнөтпөй калдык. Ал тарап бизге расмий түрдө кат жөнөтпөө боюнча билдирүү келген. Калган каттар боюнча баардыгын өз даректери боюнча жеткрип жатабыз», - деп кошумчалады ал.

«Кыргызпочтасы» ишканасынын Каракол шаардык филлиалы үч негизги түрү боюнча жөнөкөй, баалуу жана заказ берүүчү түрү боюнча жөнөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×