Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 26.08.2014 17:51

Кочкор районунун Ак-Жар айылында 407 окуучунун билим алуусу үчүн 7 үй, клуб, айыл өкмөттүн контору бөлүнүп жатат

Turmush -  Нарын облусунда 5 мектеп жаңы курулуп, 2014-2015-окуу жылыда ишке берилмек. Бирок каражат маселесинен улам мектептер октябрь айында ишке берилгени турат, деп маалымдады өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгары укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдыраимакунова аймактык кабарчыга.

«Түрк насыясы менен областта 5 мектеп курулуп жатса, Ак-Талаа районундагы Атамбеков жана Кочкор районундагы Сары-Камыш айылындагы орто мектеби мамлекеттин тарабынан капиталдык салымдардын эсебинен салынып жатат. 1-сентябрда мектептер толук бүтпөсө да, октябрь айында окуучулар мектепте окуп калышат. Ага чейин үйлөрүндө билим алып турушат», - деди Чынара Абдыраимакунова.

Анын айтуусунда, Ак-Жар айылындагы орто мектептин окуучулары үйлөрдө билим алышат. Анткени, мектептин абалы начар. Быйылкы окуу жылына Ак-Жар айылындагы орто мектептин 407 окуучусуна 7 үй, клуб, айыл өкмөттүн контору бөлүнүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×