Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 18.08.2014 13:53

Кочкор районунда 6 айда чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 372,8 млн сомду түздү

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда 6 айда чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 372 миң 824 сом болгон. Бул тууралуу маалымат райондун 6 айлык ишинин жыйынтыгы менен белгилүү болду, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка карасак, чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2013-жылдын 6 айында 341 млн 657 миң сомду түзсө, 2014-жылдын 6 айында 372 млн 824 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 31 млн 167 миң сомго көбөйүп, өсүү темпи 109,1%ды түзгөн. Салыштырма баа 104,1% болгон.

Мунун ичинен чекене соода тармактарынын соода жүгүртүүсү отчеттук мезгилде 198 млн 718 миң сом болсо, өткөн жылдын отчеттук мезгилинде 189 млн 564 миң сомду түзгөн.

Коомдук тамак-аш жайынын жүгүртүүсү 2 млн 410 миң сом, базардагы сооданын жалпы көлөмү 171 млн 696 миң сом болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×