Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ноокат 05.08.2014 10:02

Ноокатта салык, соцфонд, электр энергиясындагы дебитордук карыз, сугат суусун пайдалануу иштери талкууланды

Turmush -  Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында кечээ, 4-августта райондогу айыл өкмөттөрүнүн башчылары, тиешелүү мекеме уюмдардын жетекчилери жана райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери менен өткөрүлгөн аппараттык жыйын болуп өттү.

Аппараттык жыйынды Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Б.Айтиев алып барды.

Жыйында учурдагы райондун аймагындагы салык, соцфонд, электр энергиясындагы дебитордук, сугат суусун пайдалануудагы карыздарды жоюу боюнча айыл өкмөт башчыларынан аткарып жаткан иштери суралды.

Райондун акими Б.Айтиев жогорудагы карыздарды жоюунун жүрүшү тууралуу айыл өкмөт башчыларынан жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринен маалыматтарды алды.

Ошондой эле, ушул айдын жыйынтыгы менен карыздарды жоюу керектиги баса белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×