Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 21.01.2014 15:01

Жалал-Абад облусунда кутурма чыкты

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагындакечээ, 20-январь күнү Ак-Мечит айылынын Арал участкасынын тургуну М.Кошматовдун ооруп калган уюн айылдык мал доктур О.Абжалилов алдын ала «кутурма» оорусуна күмөндөп диагноз койгон.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, уй ветеринардык адистин көзөмөлүндө союлуп, башы Ноокен райондор аралык диагностикалык борборго текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Кечээ текшерүүнүн жыйынтыгы №6 экспертизанын негизинде уйдун кутурма оорусу менен ооруганы аныкталган. Уйдун эти өрттөлүп, ветеринариялык эрежелерди сактоо менен көмүлгөн. Уй кармалган сарай, короо 25% хлордуу акиташ менен зыянсыздандырылды.
Контактта болгон эки адам айылдык ФАПтын дарыгерлеринин көзөмөлүндө.
«Кутурма» оорусу катталган аймакта ветеринардык кызмат тарабынан мал жандыктарды кароодон өткөрүү, вакцинациялоо жана тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×