Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 03.07.2014 13:02

Биз үчүн натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлери менен сыймыктанышыбыз керек, - мэр А.Кадырбаев

Turmush -  Бүгүнкү күндө Ош шаарында 24төн ашуун дарылоо жана оорулардын алдын алуу мекемелери үзгүлтүксүз калкка медициналык жардам көрсөтүп келишүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйында, өзүнүн куттуктоо сөзүн айтып жатып билдирди.

Ал белгилегендей, бир гана шаардын калкынын ден соолугу үчүн кам көрбөстөн, шаардын тазалыгын жана көркүнө көрк кошуу жаатында да бир топ иштерди аткарып, социалдык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, активдүү иштеп келишет.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, саламаттык сактоо тармагы мамлекетибиздин социалдык-саясат багытындагы эң негизги тармактарынын бири болуп эсептелет», - деди ал.

Ошондой эле, мэр: «Шаарыбыздагы дарылоо жана оорулардын алдын алуу мекемелеринде көп жылдардан бери талыкпастан эмгектенип келе жаткан 3000ден ашуун медицина кызматкерлеринин адамдардын ден соолугун коргоо боюнча аткарып жаткан алгылыктуу иштери коомчулукту кубандырбай койбойт. Анткени, көп жылдар бою нечендеген оорулуулар дарыгерлерге кайрылып зарыл медициналык жардам алышат, ошондуктан биз бүгүнкү салтанатта катышып олтургандарга жана сиздер иштеп жаткан эмгек жамаатыңыздарда биз үчүн натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлерине алкыш айтып, алар менен сыймыктанышыбыз керек», - деди А.Кадырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×