Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу 28.01.2014 17:10

Ысык-Көлдө cентябрда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдыктар жүрүүдө

Turmush -  Облус жетекчилери сентябрь айында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жана жайкы туризмге бир катар даярдыктарды көрүшүүдө. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын коллегиясында өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Р.Кайыкованын айтымында, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк экиге бөлүнүп, көлдүн күңгөйү жана тескейиндеги эс алуу жайларын кыдырууда. Анын айтымында, берилген тапшырманы аткарбагандарга эс алуу жайларын иштетүүгө тыюу салынат.

«Туризмди өткөрүүдө бир топ мүчүлүштүктөр бар, көйгөйлөр да жок эмес. Ошол себептен быйыл эрте баштап, бардык эс алуу жайына план тапшырмаларды 2013-жылы октябрь айында берип, быйылкы жылдын январь айынан баштап текшерип жатабыз. Эмне иш кылып жатабыз деген такташууларды жүргүзүп жатабыз. Бул жерде көлдүн экологиясын, санитардык абалын сактоо боюнча көп жумуштар жасалышы керек. Саркынды суулардын эффективдүү иштешин камсыз кылышыбыз керек», - -дейт Р.Кайыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×