Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
БаракелдеКочкор району, Бишкек 25.04.2014 12:49

Кочкордогу Ак-Жар орто мектебин курган «Хан-Тенгри» ЖЧКсынын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну жергиликтүү кеңештин депутаттары талап кылууда

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айыл аймагынын тургундары Ак-Жар орто мектебине туура эмес курулуш ишин жүргүзгөн «Хан-Теңгри» ЖЧКсынын жетекчиси А.Халиловдун жоопкерчиликке тартылышын талап кылып жатат, деп кабарлады айылдык кеңештин депутаты Бакай Убайылдаев. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын берген маалыматына карасак, учурда 480 окуучу мектептин абалынын начардыгынын окууларын чатырларда улантып жатышат. «Мектептин акыбалы боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, иштеп келет. Бирок ушу кезге чейин жыйынтык чыккан жок. Бул мектепти салган «Хан-Теңгри» ЖЧКнын башчысы А.Халилов жоопкерчилике тартылыш керек», - деди депутат.

Ал эми мектеп директору Акыл Тургуналиева, бул мектеп 2006-жылдагы катуу жер силкинүүдө жараксыз абалга келгенин, ал эми 2007-жылы «Хан-Теңгри» ЖЧКсы өкмөттүн 48 млн сомуна курулуш иштерин жүргүзгөнүн билдирди. «2008-жылы мектептин спорт залынын бир блогу кулап кайра тургузулса, 2010-жылы 3 тарабындагы дубалы сендвич-панелдерден курулгандыктан катуу шамалдан жараксыз абалга келген. Азыркы тапта жылытуу системасы толук бүткөрүлбөй иштебей турат. 2009-жылы мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы түзүлүп, алар курулуштун кемчиликтерин аныктап, аларды жойгондо гана кабыл алууга жатат деген чечим чыгарышкан. Бирок ал кемчиликтер жоюлбай, бүгүнкү күнгө чейин бул иш бүдөмүк бойдон келе жатат», - деген оюн билдирди директор.

Эскерте кетсек, Нарын облустук прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин 304-жана 315-беренелери менен Кочкор райондук архитектура башкармалыгынын башчысы Т.Жумабековду, 221-берене менен «Хан-Теңгри» ЖЧКсынын директору А.Халиловду айыптап, Кочкор райондук сотуна кайрылган. Бирок мектепти курууга сарпталган мамлекеттин каражатын көзөмөлгө албай, курулуштагы кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып барбаган Т.Жумабеков менен А.Халилов жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу бошотулган.

Тема боюнча: Вице-премьер-министр Э.Сариева 7 жыл мурун салынганына карабай иштеп чыккан Кочкордогу Ак-Жар мектебинин абалы менен таанышты (фоторепортаж)

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы 2007-жылы салынып, көгүчкөндөрдүн мекенине айланган Ак-Жар орто мектебинен фоторепортаж

Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы орто мектепке Саламаттык сактоо министрлигинен дарыгерлер келет

сариева4

IMG_8892

сариева2

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×