Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
БаракелдеКочкор району, Бишкек 18.04.2014 16:24

Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы орто мектепке Саламаттык сактоо министрлигинен дарыгерлер келет

Turmush -  Мындай маалыматты бүгүн, 18-апрелде вице-премьер-министр Элвира Сариева менен бирге Кочкор районуна иш сапары менен келген саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева билдирди, деп кабарлады аймактык кабарчы.

Жолугушууда Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылынын тургундары 7 жыл мурун курулуп, бирок имарат бүгүнкү күндө авариялык абалга келгендиктен учурда балдары чатырда окуп жатканын айтып, «мындан улам балдарыбыз ооруп жатат», - деп билдиришти.

Ошондой эле, алар балдарынын ден соолуктарын кароо үчүн борбордон дарыгерлердин келишин талап кылышты.

«Мектепти кайрадан оңдоого болбойт, балдарыбыз оорукчан болуп калды. Кочкордон дарегерлер текшере алышпайт, бизге саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын дарыгерлер келип текшерүүсүн талап кылабыз», - дешти ата-энелер.

Бул боюнча вице-премьер Э.Сариева дарыгерлерди текшерүүгө жиберерин, бул акыркы комиссия боло тургандыгын жана ишти колго алаарын билдирди.

Тема боюнча: Депутат Б.Төрөбаев: Кочкордун Ак-Жар айылындагы мектеп окуучуларынын дээрлик бардыгы жөтөлүп жатат

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы 2007-жылы салынып, көгүчкөндөрдүн мекенине айланган Ак-Жар орто мектебинен фоторепортаж

Вице-премьер-министр Э.Сариева 7 жыл мурун салынганына карабай иштеп чыккан Кочкордогу Ак-Жар мектебинин абалы менен таанышты (фоторепортаж)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×