Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
БаракелдеКочкор району, Бишкек 18.04.2014 13:50

Вице-премьер-министр Э.Сариева 7 жыл мурун салынганына карабай иштеп чыккан Кочкордогу Ак-Жар мектебинин абалы менен таанышты (фоторепортаж)

Turmush -  Бүгүн, 18-апрелде вице-премьер-министр Элвира Сариева Нарын облусунун Кочкор районуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндөАк-Жар айыл аймагындагы Ак-Жар орто мектебинин абалы менен тааныштып чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Э.Сариева аталган айылдагы 400гө чукул окуучу учурда чатырда окуп жатышканын көрүп чыкты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин бийликке даттанып, кайрылбаган жерлери калбаган айтып,бул боюнча түзүлгөн комиссиядан жакшы жыйынтык күтүп жатышканын билдирди.

Аталган орто мектептин жалпы жамааты окуучулар менен сыртта чатырда окуп жатышкандарын белгилешип, өкмөттүн өкүлүнө бул маселени жогорку бийлике жеткиришин талап кылышты.

Маалыматка ылайык, бул мектептин пайдубалын 2007-жылы «Хан-Теңири» ЖЧКсы өкмөттүн 48 млн сомуна салган.

«Бул боюнча ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев да келип кеткен, эмне себептен жогорку бийликтегилер ушул жагдайга көңүл бурушпайт?», - дешти окуучулардын ата-энелери.

Тема боюнча: Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы 2007-жылы салынып, көгүчкөндөрдүн мекенине айланган Ак-Жар орто мектебинен фоторепортаж

сариева7

сариева6

сариева5

сариева4

сариева3

сариева2

сариева

IMG_8863

IMG_8867

IMG_8861

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×