Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
БаракелдеКочкор району, Бишкек 18.04.2014 13:13

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы 2007-жылы салынып, көгүчкөндөрдүн мекенине айланган Ак-Жар орто мектебинен фоторепортаж

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айыл аймагынын Ак-Жар айылындагы Ак-Жар орто мектеби учурда көгүчкөндүн мекени болуп, мектептин үстү түшүп, дубалдары канаттуулардан чыккан заңдардан улам чирип кеткен.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, дубалдардын ортосуна кирип, чыгалбай өлүп калган көгүчкөндөрдөн жыт чыгып, жагымсыз жагдай түзүлгөн.

Мектеп жамаатынын айтымында, жылытуу системасы жоктугунан мектеп муздак болуп, окуучулар айылдын маданият үйүндө окуп жатышат. Андагы окуучулардын дээрлик 100%ы жөтөлүп ден-соолуктары начарлап жатат.

Мектеп 2007-жылы колдонууга берилген, негизи мектепти куруу долбоорун «Хан-Теңири» ЖЧКсы колго алып, жалпы 48 млн сомго курган.

«Учурда жаңы технология менен курулуп учурунда ката кетирилген. Азыркы этапта балдар сыртта чатырда окуп жатышат», - дешет мектеп жамааты.

Эске салсак, бул мектепте жалпы 400гө чукул бала тарбияланып келет, мектеп жамааты мектепти оңдоп-түзөөгө каралып жаткан каражатка чакан мектеп салса болоорун белгилешет.

IMG_8900

IMG_8902

IMG_8863

IMG_8867

IMG_8890

IMG_8892

IMG_8861

IMG_8882

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×