Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 28.01.2014 14:09

Сузак райондук ЗАГС кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ЗАГСнын жетектөөчү адиси, Жалал-Абад шаарынын 1976-жылы туулган тургуну Г.Абдыразакова иш бөлмөсүндө 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 27-январда Жалал-Абад облусунун Сузак райоунун Атабеков айыл округунун Жийде айылынын туругуну, 1989-жылы туулган Абдухалил уулу Аскарали Жалал-Абад ОИИБге кайрылып, ушул жылдын 25-январында Сузак райондук ЗАГСдан атасынын атын өзгөртүш үчүн барганда, ал жерде иштеген Гаухар аттуу кызматкер «документтериң туура эмес», деп 5 миң сом талап кылгандыгын айткан.

Аталган жарандын арызы Жалал-Абад ОИИБда катталып, тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси «кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу» жана 166-беренесинин 4-бөлүмү «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, 2013-жылдын 12 ай ичинде бул багытта 52 кылмыш иши катталып, 28и соттун кароосуна жиберилсе, 24 кылмыш иши тергөөдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×